СУПЕРСТАН: "Аппак итим кышында карга жатып алса, машина байкабай тебелеп кеткен. Мен ыйлап, тамак ичпей үйдөгүлөрдү коркуткам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ит - биздин досубуз" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Менин Кумайык деген кароолчу итим бар болчу. Жамгырлуу түндө жалгыз туулган. Малды, үйдү жакшы коргоп жүрдү. Акыры жашы жеткен экен, өлүп калды".
"Ит - адамдын досу" деген чын. Иттер көп учурда адамдарга пайда алып келишет, мисалы, өткөн жылы Америкада чихуахуа породасындагы ит 5 жашар кызды өлүмдөн сактап калып, өзү өлүп калды го. Ээси ооруп калса, иттер адамга позитивдүү энергия беришет".
"Кичинемде Тузик, Бобик деген иттерим бар болчу. Бобик деген итимди атамдын орус досу белек кылган. Ал аппак болгондуктан, кышында карга жатып алса, машина байкабай тебелеп кеткен. Мен ыйлап, тамак ичпей үйдөгүлөрдү коркутуп, анан Тузикти алып беришкен".
"Менин ит, мышыктан аллергиям бар. Эжемдин үйүндө да ити бар. Аты - Жөжө. Учурда эжемдикинде жашап жатам, жакында мага аллергиянын дарысы да таасир этпей калат го. Күчтүү делген дарыны күнүнө эки жолу ичпесем болбой калам".
"3-4-классымда аябай жакшы көргөн итим бар эле, аты Шарик болчу. Бир күнү мектептен келсем апам "итиң өлүп калып, дөңгө алып барып көмүп салдык" деди, ошондо аябай ыйлагам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

Теманы окуп менин да эсиме бир окуя келип кетти.
Анда мен 6 класс болсом керек кочодо бир туугандар менен чон энем уйуго бара жатканбы. Жолдон бир ит менен уруша Кети биздин ит анан айылда бир бала бар эле ал биздин итти машинасы менен сузуп кеткен, кеч кирип калган эле ыйлаап(( итибизди ортого коюп алып.Жинди экенбиз бир жыл откондоон кийин куран окуппуз тообо.. Ошол бойдон ал баланы жаман коруп калганбыз азырда корсом жаман коруп к