super.kg logo

Исфанадагы базарда болгон өрттүн кесепетинен болжол менен 3,8 миллион сом чыгым келтирилди

 

20-майда саат 02:40 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынын борбордук “Лейлек” базарында чыккан өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдын болжолдуу көлөмү эсептелди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен базардын 4 миң чарчы метрден ашуун аянты күйүп, натыйжада 53 соода дүкөнү, 2 жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөн. Жабыркагандар жок.

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында өрт кырсыгы болуп жаткан учурда 20 адам эвакуацияланып, базардын аймагынан 2 соода борбору, 64 соода түйүнү, 10 дүкөн, 6 ашкана жана уюлдук операторлордун бирине караштуу кеңсе сакталып калган. Саат 10:05 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы материалдык чыгым (товарлардан сырткары) болжол менен 3 миллион 851 миң сомду түздү. Өрттүн себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
21.05.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Карарган тундун артында агарган кун бар баары жакшы болот инша алла.
21.05.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Канча кишинин эмгеги кетти.Баарына сабыр тилейм.Байлык табылат,ден соолук табылбайт.
21.05.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Исфанадан саат 13:40 чамасында кайтканымда базар дагын эле тутоп аткан
21.05.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себебин айткыла,сразу финансы жагын айтат бизде
21.05.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
imanchik,атайлап эле орт койду болуш керек!!!
21.05.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшына эле турган базар болчу,канча адамдын ырыскысы кыйлды,эми жаны базарды чон кылып куруш керек,эски базардын ичине па
ожарный киралбайт болчу
22.05.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конечно пожарный выход деген жол жок. Акча десе прохотко дагы соода кылчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: