super.kg logo

Борбор калаада "Ботаникалык бакчанын жандануусу" деген аталыштагы фестиваль өтүп жатат

 

Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчада бүгүн, 21-майда "Бишкекти жашылдандыруу: Ботаникалык бакчанын жандануусу" деген аталыштагы фестиваль өтүп жатат. Анда адистердин жашылдандыруу боюнча мастер-класстары, өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү жана сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган жана атайын маданий иш-чаралар уюштурулган. Фестивалдын негизги максаты - Ботаникалык бакчадагы өсүмдүктөргө аяр мамиле жасоо жана аны көрктөндүрүү. Ошондой эле ботаникалык бакчада чырпыктан жасалган жаныбарларды көрүүгө болот. Мындай демилгени Көркөм сүрөт академиясынын бүтүрүүчүлөрү көтөрүп чыгышкан. Алар эликтин, жылкынын жана канаттуунун образын жасап беришкен.

"KGТай" балдар тобу менен келген ырчы Гүлнара Тойгонбаева фестивалга келген конокторго, катышуучуларга, шаар тургундарына чакан концерт уюштурду. Концерт соңунда ырчы фестиваль тууралуу буларга токтолду:

"Уюштуруучулар маданий иш-чараны колдоп бериңиз деп чакырышкан. "KGТай" балдар тобу менен келип, өзүм да ырдап болушунча шаңдуу кылганга аракет кылып жатабыз. Фестивалдын идеясы абдан жакшы. Мурун Бишкек шаары "жашыл шаар" деген макамды алып жүрчү. Акыркы убакытта бул бакча да жакшы каралбай калбадыбы. Андыктан мындай иш-чара шаар тургундарын жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырууну, аталган бакчаны көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну жана мурунку "жашыл шаар" макамын калыбына келтирүүнү көздөйт".






Ботаникалык бакчада "KGТай" балдар тобу чакан концерт уюштурду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: