Казакстанда митингге чыккан жарандарды кармоо иштери эмне себептен жүргүзүлгөнү белгилүү болду
Бүгүн, 21-майда Казакстандын Астана, Алматы шаарларында жана айрым аймактарында митингге чыккан жарандар кармалды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Андрей Кравченкого шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Кравченконун айтымында, жалпысынан 40ка жакын адам административдик жоопкерчиликке тартылды. "Интернетте "400-500 адам камакка алынды" деген жалган маалыматтар таратылууда. Чындыгында, 40ка жакын адам кармалган. Алар бүгүн митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын билип туруп мыйзамсыз акцияларды уюштурууну ниеттенишкен", - деди Кравченко.
Казакстандын ИИМи митингди пландагандар менен журналисттер да кармалганын маалымдады. "Бүгүн айрым жарандар мыйзамсыз митингдерди уюштурууга аракеттенишкен. Биздин кызматкерлер аларды кармап жатып журналисттерди да кармап алышыптыр. Бул атайын жасалган эмес. Эмкиде мындайды болтурбоого аракет кылабыз. Журналисттердин иштеген жерлери аныкталган соң, алар бошотулушкан", - деп Административдик полициянын комитетинин төрагасы Игорь Лепеханын айтканын казакстандык басылмалар билдиришти.
"Айта кетсек, бүгүн, 21-майда Казакстандын аймактарында жердин чет өлкөлүк жарандарга сатылышына каршы болгондор митингдерди уюштурууну пландашкан", - деп жазышат басылмалар.
Казакстанда митингге чыккандарды кармоо (21.05.2016)

