super.kg logo

"Тамашоунун" 8-сезонунда "Универсал" командасы чемпион аталды (фоторепортаж)

 

23:20. "Тамашоунун" 8-сезонунда "Универсал" командасы чемпион аталды. 2-орунду "Позитифф", "Brooklyn" 3-орунду алды. "Мыкты видео" боюнча да "Brooklyn" командасы ийгиликке жетишип, белекке велосипед берилди.

22:50. Музыкалык сынак бүттү. Бардык командалар сахнага чыгышты. Бир нече мүнөттөн кийин мыктылардын мыктысы аныкталат.

22:10. Видеосынак бүткөн соң кезек "Музыкалык үй тапшырма" сынагына берилди. Мыктылык үчүн таймашып жаткан командалар бири-биринен өзгөчөлөнгөн тамашаларды көрсөтүп жатышат.

21:45. Учурда видеосынак болуп жатат. Анда командалар өз видеолорунда коомдогу түрдүү көйгөйлөрдү, жаштар, кризис жана башка көрүнүштөрдү тамаша аркылуу көрсөтүшкөн.

21:40. Рысбек Жабиров маньяктын, Азамат Байматов сулуу кыздын, Жоомарт Жолдошев кызды маньяктан куткарып калган эр жүрөк жигиттин образын чагылдырышты. Көрүүчүлөр алардын тамашасын суратпай кол чаап, колдоп жатышты.

21:25. “Жылдыздар менен Стэм” сынагына ырчылар Бактарбек Абдыразаков, Данияр Эрматов, Кайрат Примбердиев, Нурлан Насип, Айпери Кубик кызы, “тамашоучу” Азамат Исмаилов, “Азия Микстин” оюнчусу Марат команданын оюнчулары менен сахнага чыгышып, тамашалуу окуяларды көрсөтүштү.

Ошондой эле калыстар Жоомарт Жолдошев, Рысбек Жабиров, Урмат Усенов, Азамат Байматов сахнага чыгып тамаша айтышып, залдагы көрүүчүлөрдү күлдүрүүгө аракет кылышты. Таланттуу инсандар сахнада кафеде болгон окуяларды кыскача чагылдырышты. Көрүүчүлөр алардын тамашасын колдоого алып, дүркүрөтө кол чаап жатышты.

21:00. Учурда "Стэм" сынагы болуп жатат. Анда команданын оюнчулары менен кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү, белгилүү "тамашоучулар", ырчылар менен болгон тамашалуу көрүнүштөр көрсөтүлүүдө.

20:45. "Ким тапан?" сынагы:

"Кыргыз двор": - "22-кылымдын жылдыздары" деген концертте ким ырдап калышы мүмкүн?
"Универсал" командасы: - Кимдин акыл-эси жайында болсо, ошол ырдайт.

"Бруклин": - Урмат Усенов, Азамат Байматов, Жоомарт Жолдошев аборигендердин арасынан кантип чыгып кетет?
Бул суроого "Жоомарт Жолдошев - юрист, баарын чыгарып кетет" деп жооп берип жатышты.

"Рота" командасы: - Эмнеге кыргыздардын жигиттери аскерден качышат?
"Бруклин" командасынын оюнчусу: - Мен барсам өздөрү албай коюшту, "сени бага албайбыз деп..."
"Рота" командасы: - Азыркы эркектер кызга окшоп калган, кыздар эркектерге окшоп калган.

"Универсал" командасы: - Ош десе самсаны, Баткен десе өрүктү, Талас десе өпкөнү, Көл десе көлдү, Нарын десе койду элестетебиз. Бишкек дегенде эмнени элестетесиңер?

Бул суроого "Тохиржон, Москвада да бизбиз", "Тамакты айта берет экенсиң, эч нерсени элестете албай калдым", "Билбейм, менин элестеткичим иштебей калган" деген жооптор болду.

"Ассорти" командасы: - Эки жакшы кудалашып түшөт...
Башка командалар төмөнкүдөй улантышты:

"...эки оштук тоого чыкса, үкалашып түшөт", "...эки семиз тоого чыкса, томолонуп түшөт", "...эки көлдүк тоого чыкса, кыза-арып түшөт".

"Позитиффтен" суроо: - Жакында эле желекти кайтарган эки жоокерди алып салышты, эмнеге?
Командалардын бири: - Нурлан Мотуев түрмөгө отурбадыбы, желекти кайтарып эмне кылабыз?

20:35. Учурда "Ким тапан?" сынагы болуп жатат. Анда командалар бири-бирине тамашалуу суроо узатышып, жооп беришүүдө.

20:30. "Кыргыз двор" командасы “Саламдашуу” сынагында:

"Өзүмө ишенбегенде, депутаттарга ишенейинби?"

"Кыргыз көпсө, орусча сүйлөйт, бул көөп кеткен".

"Утуш үчүн фантазияны иштетиш керек" десе, бир оюнчусу сүйгөн кызын элестетип кирет...

20:20. "Brooklyn" командасы “Саламдашуу” сынагында "Brooklyn - чемпион!" деген видео көрсөттү. Ошондой эле калыстар тобуна телефон чалганда кандай ыр жаңырат, алар эмне деп сүйлөшкөнүн тамаша иретинде көрсөтүштү.

20:15. “Рота” командасы “Саламдашуу” сынагында аскердеги кызыктуу жашоону, турмуштук окуяларды көрсөттү. Мода көрсөтүү учурунда эң романтик солдат башына жүрөкчө тартып алып чыкты.

20:10. “Универсал” “Саламдашуу” сынагында үйлөнүү тойдогу көрүнүштү сахналаштырды.

19:55. “Ассорти” “Саламдашуу” сынагында калыстар тобундагы ырчы Нурлан Насипке, режиссёр Рысбек Жабировго түрдүү суроолорду узатып жатты. Нурлан Насипке “Эркелетсемби?” деген ырды ким ырдайт? "Я" деген сөздүн кыргызчасы кандай болот?" деген суроо берилсе, Рысбек Жабировдон “Өзүңүздүн кинолоруңузга кандай баа бересиз?” деп сурашты.

Команданын оюнчулары белгилүү түштүк кореялык ырчы PSY`дын ырын сахнада туурашты. Эң акырында бир оюнчу буту менен турникке тартылды. Андан соң бир оюнчу "Тамашоу" менен ооруп калганын, кубокту алса айыгарын айтышты. Анда Эрмек Нурбаев "медициналык комиссиядан өткүлө" деген кеңешин берди.

19:35. “Позитифф” командасы “Саламдашуу” сынагында:
- Дунган жигит сүйүүсүн арнап, сүйүктүүсүнө жусай берет.
- Арыктагың келсе, насыя ал. Эки айда сонун арыктайсың.
- Кандайсыңар, сасышкалар? - Эмнеге сасышкалар? - Бишкекте суу өчкөндөн бери баары сасышкалар болуп калды.

“Позитифф” командасы калыстар тобун сахнага чыгарып, селфи сүрөткө түшүштү.

19:20. Эрмек Нурбаев финалга жеткен командаларды сахнага чакырды. Анда командалар сахнага чыгары менен бийлешип, көрүүчүлөргө жылмаюу тартуулашты.

19:18. Алып баруучу Эрмек Нурбаев финалга чыккан ар бир командага ийгилик каалады. Андан соң калыстар тобу менен тааныштырды.

19:15. Бүгүн, 21-майда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 8-сезонунун финалы башталды. Анда финалга чыккан 6 команда: "Рота", "Brooklyn", "Ассорти", "Позитифф", "Кыргыз двор", "Универсал" биринчилик үчүн күч сынашышат. Алар "Саламдашуу", "Ким тапан?" жана видео, музыкалык үй тапшырма сынактары боюнча тамашаларды көрсөтүшөт.

Калыстар тобунун катарында "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, дизайнер Замира Молдошева, эстрада ырчылары Урмат Усенов, Нурлан Насип, футболчу Азамат Байматов жана юрист Жоомарт Жолдошев бар.


кошулду





"Тамашоунун" 8-сезонунун финал. 21-май, 2016-жыл.

"Тамашоунун" финалы. "Ассорти" командасы. 21.05.16

"Тамашоудо" "Универсал" командасы үйлөнүү тоюн көрсөтүштү. 21.05.16

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(34)
21.05.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Универсал Алга силерди колдойбуз
21.05.2016. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Универсал чемпион алга!!!
21.05.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Универсал женишинер кут болсун.Кийинки сезондо дагы ойногула кубокту алып жок болуп кетпей. Алгааа
21.05.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Универсал красавчик
22.05.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Универсал алга, Тайыр красавчик
22.05.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
админ кубокту алып жаткандагы суротту койсонор
22.05.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
универсал каяктыкы?
22.05.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
FIFA.KR,Ош
22.05.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Универсал мыкты даярданыптыр Ал эми рота командасы ким тапан конкурсунда жигиттер эмнеге аскерден качат деген суроого туура эмес жооп беришти кыздар эркектей эркектер кыздардай болуп калган деп Эрмек Нурбаев армияга барбасак деле мекенди коргоого даярбыз анчалык эмес жигиттер деп жини келе тушту
22.05.2016. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Универсал розаларды белек кылып жакшы маанай тартуулашты
22.05.2016. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Толук видеосун канчан чыгат экен эми
22.05.2016. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орт болгон окшойт
Медиа-портал
22.05.2016. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнегедир создору жакшы угулбай койду.
22.05.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Үнү жакшы угулбайт го,
22.05.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Assorti bolso jakshy bolmok
22.05.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдар Балдар
24.05.2016. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maks_shop,Ош
22.05.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Универсал достойно чемпмон болушту
22.05.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурланды кошпой эле койбопсунарда
22.05.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
толук видеосун кайдан коро алабыз ?
22.05.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омар концерт коюп Россияда болуш керек... А эмнеге Нурланды койсо болбойт бекен калыстарга?
23.05.2016. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Универсал куттуктайм.
23.05.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidai5555, сын-пикирди admin@super.kg электрондук дарегине жазыңыз! Эскертүү!
Медиа-портал
23.05.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tavsan,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
23.05.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidai5555, Doku_98, сайттын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-23 14:36:05
24.05.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге менин жагандарымды очурдунор жооп бергилечи
24.05.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Emilaika90, cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
24.05.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uurmattuu admin emne sebepten adresingerge jazsak dele joop jazbaisyzdar baaryn tegiz karangyzdarda antip ochurup banga ketire berbei
24.05.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uurmattu admin chykdykty aitkan adamdardy antip banga ketire berbegileda
24.05.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Uurmattuu admin emne sebepten byltyry pazitiffti chempion dep jazasyzdarda universaldy 1-orundu aldy dep jazasyzdar ushul suroogo joop berip koiunguzdardy kutom rahmat
24.05.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кароче универсал чемпион мин конулу жоок болуп аласыз жазсада женип алышты ха ха
27.05.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Универсал Алга!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: