Сокулук районунда "дүкөндөгү тамак-аш азыктарын уурдаган" деген шек менен 19 жаштагы эки тургун кармалды

Сокулук районунда "дүкөндөгү тамак-аш азыктарын уурдаган" деген шек менен 19 жаштагы жергиликтүү эки тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 11-февралында Гавриловка айылынан 62 жаштагы Ч.С. аттуу жаран "дүкөндөгү 8 миң сомдук тамак-аш азыктарын уурдап кетти" деген арыз менен кайрылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында уурулукка шектелген 19 жаштагы жергиликтүү эки тургун кармалган.
Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.