КИНОЗАЛ: "Миллиондук мелдеш-2" тасмасы биринчи бөлүгүндөй ийгиликтүү болгон жок" дейт Сүйүн Откеев






"Кинозал" бөлүмүндөгү "Миллиондук мелдеш-2" тасмасы 2014-жылы тартылган. Комедиялык мелодрама жанрында тартылган тасманын режиссёру - Сүйүн Откеев. Анда Гүлжигит Калыков, Эркеайым Абдуллаева, Гүлназ Мадаморова, Айсулуу Маликова сыяктуу жаш таланттар роль жаратышкан.
Тасма тууралуу Сүйүн Откеев буларга токтолду:
"Миллиондук мелдеш" тасмасынын биринчи бөлүгүндө балдар бир кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн күрөшүшсө, "Миллиондук мелдеш-2" тасмасында үч кыз бир жигит үчүн күрөшөт. Тасманы "Өч алуу" деп атап койсо да болот. Кандайча өч алуу болгонун тасманы көрүп, көрүүчүлөр түшүнүп алышат. Тасманы демөөрчү жок, өзүбүздүн каражатыбызга тарттык. Андыктан биринчи бөлүгүндөй ийгилик алып келген жок, себеби каражат жагынан тартыш болуп, көп жарнамалай алган жокпуз. Тасмада башкы каармандын образын жараткан ырчы Гүлжигит Калыков аябай жоопкерчиликтүү жигит экен, аны менен иштешүү кыйынчылык жараткан жок. Тартуу маалында убагында келип, берилген тапшырмаларды так аткарып жатты. Албетте, ал профессионал актёр эмес, бирок өзүнүн образын жеткиликтүү аткарып жатты".
Тасмада биринчи мелдеши ойдогудай бүтпөй калган Сапар, Эркин жана Темир кайрадан оюнду улантууну чечишет. Мелдештин кызыгына баткан достор мелдешке миллион коюп, шартын да өзгөртүшөт. Бул ирет үч бийкеч белгилүү ырчы мырза Ариеттин жүрөгүн багындырмакчы болушат. Эгерде кимиси мырзанын жүрөгүн багындырса, миллионго ошол адам ээлик кылат.
"Миллиондук мелдеш-2" тасмасын бул жерден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
eldar.

23.05.2016. 16:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жасалмасы жок, мыкты аткара алган актерлорду эмес, тажрыйбасы жок актерлорду тарсанар албетте ийгиликсиз болот. 1де не болсо дагы жаны чыгып келе жаткан, таланттуу актер балдар ойногон.
kubat_73

24.05.2016. 11:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А чындап келгенде биринчиси деле кыйраткан фильм эмес
kutmanbek80

01.06.2016. 00:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага деле жаккан жок болчу
admin_portal

01.06.2016. 14:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kutmanbek80, мааниси жок белгилерди жазууга болбойт!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.