Шашылыш билдирүү! Жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо 23-27-май аралыгында сел жүрүшү мүмкүн

Нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-майдан 27-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ысык-Көл аймагында жана тоолуу аймактарда шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.