super.kg logo
  Спорт  

Төрага Чыныбай Турсунбеков Азия чемпиондугуна аттана турган самбочуларды кабыл алды

 

Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 23-майда Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) өтө турган самбо боюнча Азия чемпиондугуна катыша турган улуттук курама команданы кабыл алды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууга Самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев, спортчулар Тилек Аманкулов, Белек Бараканов, Самат Жаныбек уулу, Нуржамал Бекматова, Мухаметали Эргешев, Кундузай Жайчибекова, Урмат Мамбетжан уулу, Максим Мануилов, Кубанчбек Көкүмов жана Павел Гончаров катышты.

Кыргыз Республикасынын намысын жана кызыкчылыгын дүйнөлүк аренада коргоп келе жаткан спортчулар республиканын сыймыгы экенин белгилеген Ч.Турсунбеков: “Силер биздин желекти бийик көтөрүү менен өлкөбүздү бүткүл дүйнөгө таанытып жатасыңар”, - деди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы аталган спорт түрү боюнча балбандар жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатышканын кошумчалады. Атырау шаарында (Казакстан) өткөн Азия чемпиондугунда кыргыз балбандары 31 медаль утушту. Анда жалпысынан 67 комплект медаль ойнотулган. “Алдыдагы турнирде да мыкты орундарга ээ болоруңарга ишенем. Силерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайм”, - деп билдирди Ч.Турсунбеков.

Машыктыруучу Н.Токоноев кабыл алгандыгы үчүн Ч.Турсунбековго ыраазычылык билдирди. Ал мындай көңүл буруулар спортчулардын ийгиликтерди багынтуусунда түрткү болуп берерин белгиледи. Андан тышкары Н.Токоноев Самбо федерациясынын жетишкендиктери тууралуу төрагага кыскача маалымат берип, Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв спорт мектебинде самбо боюнча бөлүм ачуу маселесин карап көрүүнү өтүндү.

Кошумчалай кетсек, Азия чемпиондугу Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 25-30-май аралыгында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: