super.kg logo

7 жашар Даниэлдин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылган Акунованын иши боюнча райондук соттун өкүмүн шаардык сот күчүндө калтырды

 

Бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылган Майрам Акунованын Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө макул болбой шаардык сотко кайрылган даттануусунун негизинде иш кайра каралууда.

Ишти карап жаткан соттук коллегия жабырлануучу Астра Макелееванын жана айыпталуучу Майрам Акунованын көрсөтмөлөрүн угушту. Мамлекеттик айыптоочу бул ишти кайра кароого негиз жок экенин баса белгилеп, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну өтүндү.

Айыпталуучуга акыркы сөз берилип, ал бул ишти кайра карап чыгууну өтүнүп, анын жазасын кыскартууну өтүндү.

Соттук коллегия кеңешүүгө чыгып келип, Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтыруу өкүмүн чыгарды.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.05.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат болуп. Дагы актанып койот Чырактай баланы олтуруп алып устуно дагы 25 жыл кошуп окум чыгарып койгондо жакшы болот эле
23.05.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай зоокурлорго олум жазасы колдонулушу керек бирок окундургону андай закон жок
24.05.2016. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даагы кошуп коюш керек эле да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: