super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Уулум, убада менен курсак тойгузганды үйрөнсөң, келечекте президент же депутат болосуң"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күлкүлүү фразалар" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Сүйлөй бериңиздер, кулак сиздерде. Мен кызыктуу сөздөр айтылып жатканда дайыма оозумду чоң ачып эстей баштайм... Ийгиликке алып барчу жолду кыйладан бери асфальтташпаптыр".

"Студенттердин фразасы: Уят-сыйыт - бул адамзаттын эң чоң байлыктарынын бири, бирок биз, студенттер, кембагал адамдардын катарына киребиз".

"Жалкоолордун сүйүктүү фразасы: Акмактар гана жума күнү өлүшөт. Кайсы акылдуу адам алдыда эки дем алыш күнү турганда жөн эле өлүп калгысы келсин?"

"Үй-бүлөдөгү ынтымакты бекемдеп, уруш-жаңжалдын алдын алыш үчүн бири-бирин сүйүп, жакшы сөздөрдү арноо жетишсиз. Негизгиси, үйдө 2 же андан ашык сыналгы болуш керек".

"Ышкырып коюп акча тапсаң, анда сен МАИчисиң".

"Атасы баласына:

- Уулум, убада менен курсак тойгузганды үйрөнсөң, анда сен келечекте президент же депутат болосуң".

" - Суроого суроо менен жооп бергениң тажатып бүттү! - Менинби?"

"Эркектер алгач айымдар менен кантип сөз баштап сүйлөшөрүн билбей калышат, бирок убакыт өткөндөн кийин айымды кантип сүйлөп жаткан жеринен токтотушту билбей калышат".

"Аялдар акчалуу эркектерди сүйүшөт" деген фразаны акчасыз эркектер ойлоп табышса керек".

"Үйлөнүү тою тынч өттү, ресторанда акысыз Wi-Fi бар экен".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.05.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хаха го wi fi жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: