ЖЫЛНААМА, 24-МАЙ: Мындан 6 жыл мурун уюшкан топ Биринчи Май райондук сотунун имаратынан конвойду өлтүрүп, качып чыгышкан

Саат 14:00дө сот процесси башталып, ал аяктаганда кылмышкерлерди темир торлуу бөлмөгө алып барышкан. Бул бөлмөдөн уруксатсыз сыртка чыгуу мүмкүн эмес болгон. Кылмышкерлерди карап турган 15 чактыдай күзөтчү өз кызматында болгон. Болжол менен саат 17:00дө лейтенант Таалай Атамбаев сегиз кылмышкердин арасынан үчөөнү, тактап айтканда, Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоевди күзөтчүлөр эс ала турган чакан кабинетке алып кирип кеткен. Ал күзөтчүлөрдүн башчысы болгондуктан, ага эч ким каршылык көрсөткөн эмес. Атамбаев артынан эч ким кирбешин айтып, эшикти жаап алган. Арадан көз ирмемдей убакыт өткөндө атылган октун үнү чыгып, тапыр-тупур боло түшкөн. Натыйжада кишенчен кылмышкерлер темир торлуу терезени сындырышып, даяр турган машинага түшүп көздөн кайым болушкан. Үч жолу ок жеген лейтенант Атамбаев ошол жерден каза болгон.
Оперативдүү топтун аракети менен качкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кайрадан кармалып, кармоо учурунда топтун башчысы Зикирбаевге ок жаңылып, ал каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.