Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкeрлерине кылмыш иши козголду
Ош шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар “Ош тейлөө курулуш” ишканасынын 2008-2012-жылдардагы ишин көзөмөлгө албагандыгы үчүн айыпталууда. Анткени аталган ишкана 4 жыл аралыгында 20 миллион 800 миң сомго жер алдынан өтүүчү суу станцияларын сапатсыз курган. Мунун айынан учурда миңдеген тургундар таза сууга жетпей жатканы белгиленди. Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.