super.kg logo

Ош шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, сот имаратын, үйлөрдү жана гүл сатуучу жайды суу каптады

 

Ош шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, сот имаратын, үйлөрдү жана гүл сатуучу жайды суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-майда саат 18:00дөн 21:00гө чейин нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ош шаарынын айрым аймактарында сел жүрүп, мамлекеттик ишканаларды жана жеке менчик турак жайларды суу каптап, жер төлөлөрүнө суу кирген.

"Араван кичи районунда гүл сатуучу жайда сел жүрүп, жолдун эки жагына cуу өтүүчү түтүкчөлөргө акыр-чикир толуп калгандыктан, суу ашып үстүнөн аккан. Ленин көчөсүндөгү Ош шаардык сотунун имаратынын жер төлөсүн толугу менен суу каптаган. Курманжан датка көчөсүндөгү №142, 226, 228, 244, 246-үйлөрүнүн жана Гагарин көчөсүндөгү №15-үйдүн жер төлөлөрүн ылай суу каптаган. Ошондой эле Ленин көчөсүндө драма театрдын жанындагы 2 турак жайдын ичин, Калинин көчөсүндө 1 турак үйдү суу каптаган. Аталган даректерге КРнын ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, сел суусун өз нугуна түшүрүп, сууну сордуруу жана тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Тазалоо иштери бүгүн да улантылмакчы",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.05.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оазистин алды айрыкча каналда суу агып аткандай актыго. Аллах озу сактасын!
24.05.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сотторго билдируу келген го, адилеттуулукко чакырып!
24.05.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сот имараты жаны эле ачылды эле. Угушумча бугун салтанатту ачылышы болмок экен эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: