Аламүдүн районунда Салык кызматынын кызматкери пара алып жатып кармалды

Аламүдүн районунда Салык кызматынын кызматкери 1 миң доллар өлчөмүндө пара алып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Р.З. аттуу жеке ишкер кайрылган. Ал Аламүдүн райондук салык кызматынын О.С. аттуу кызматкери салык төлөмдөрүнүн суммасын төмөдөтүү үчүн 1 миң доллар акча каражатын талап кылып жатканын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иш- аракеттердин алкагында О.С. аттуу салык кызматкери 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Anarbek58

24.05.2016. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суктугундан тузакка илиндин!!!Напсинди тыйсан болмок!!!
barpy

24.05.2016. 13:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салык кызматындагылардын 85-90% пара алат, просто аларды андып кармаган эч ким жок.. Прокуратура же УКМКга арыз менен кайрылган учурда гана паракорду кармоо операциясын жургузушот. Анда да кобу ишти сотко жеткирбей бутуруп алса, соттолгондору деле амнистия ж.б. шылтоолор менен тез эле абактан бошонуп, айрымдары кайра эле майлуу-суттуу гос.службада иштеп жатканын коруп оозун Ошту карайт..
Deniza88

24.05.2016. 13:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ленинскийден да бироо кармалды. Жалгыз эле салыкчыларда эмес баардык жерде коррупция азыр
Ago

24.05.2016. 15:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фучиктеги дарыгерлер кабыл алуу 200 сом болбосо карабайбыз деп жатышат кимге кайрылсам болот?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.