super.kg logo

Базар-Коргон районунда өрттөнүп кеткен базарда талап-тоноочулук фактылары катталган эмес

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда өрттөнүп кеткен базарда талап-тоноочулук фактылары катталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда SUPER.KG порталына аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Базар-Коргон базарынын батыш тарабындагы кийим-кече сатуучу бөлүгүнөн өрт чыгып, анда 200гө жакын соода түйүнү (товарлары менен кошо) күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, базардын 70 пайызы күйүп кеткен. Өрт чыккандан тарта аталган аймакка милиция кызматкерлери тартылып, аны курчоого алган. Бүгүнкү күнгө чейин талап-тоноочулук боюнча бир да арыз түшкөн эмес. Андай фактылар катталган жок", - деп билдиришти Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан.

Белгилүү болгондой, учурда сатуучуларга келтирилген чыгымдын суммасы жана өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

Эскерте кетсек, 22-май күнү саат 23:45 чамасында базардын кийим-кече сатуучу бөлүгү күйүп баштаган. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан курчоого алынып, контейнерлердин ээлери менен биргеликте түнкү саат 03:20 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.05.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну бироо атайын кылган жакындале Лейлектин базары орттондуле Эми минтип базаркоргондун базары орттонуп жатат кыргызстанды банкротко учуратуу максатында кылынып аткан Иш (жеке оюм)
24.05.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kepka,Эч кандай андай эмес. Бул просто кырсык-совпадение. Базарлардагы электр откоруучу зымдардын кандай экенин билсен керек.
26.05.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sadyrov_n93,сен келип корсон базарды толугу мн куйуп кеткиче очургонго улгурмок базардын жанындале уйлор бар эл орт башталгандале билишти бензин сепкендей куйду
24.05.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо тоолук маалымат алып анан кабар чыгарсанар талап тонобой эмес эле баазар куйуп жатса куйбогон жактын континерлердин кулпун бузуп урдап кетишиптирго
25.05.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
doooron,men da oshentip uktum
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: