super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Иранга чакыруу алды

 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи Хошрудини бүгүн, 2-мартта кабыл алды. Жолугушууда өкмөт башчы элчини дипломаттык жаңы кызматы менен куттуктап, анын келиши менен эки тараптуу мамилелер өнүгүүнүн жогорку деңгээлине чыгарына ишене турганын айтты. “Эки өлкө ортосундагы товар айлантуу өсүүдө. Бирок кызматташтыктын деңгээли жеткиликтүү ишке ашпай жатат. Эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн өнөр жай жана
гидроэнергетика тармагы келечектүү болмок”,
- деди Сатыбалдиев.
Өз кезегинде элчи Ирандын биринчи вице-президенти Мохамед Реза Рахиминин салам жолдогонун айтып :“Вице-президент тарабынан сизге ыңгайлуу болгон убакытта Иранга келип кетүү үчүн жолдомо тапшырылган”,- деди дипломат. Хошруди эки тараптуу соода-экономикалык байланыштардын өнүгүүсү үчүн бардык күчүн жумшаарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: