super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Даткайым" - тарыхый сюжетти камтыган алгачкы клиптердин бири" дейт Съездбек Искеналиев

 

"Медиа-портал" бөлүмүндө көп көрүлгөн, колдонуучулардын көптөгөн жылуу пикирлерине арзыган, тарыхый окуя камтылган клип - ырчылар Съездбек Искеналиев менен Замир Арыкбаевдин "Даткайым" ырынын клиби. "Клип азыр да популярдуулугун жогото элек" деген Съездбек Искеналиев буларга токтолду:

"2007-жылы Замир экөөбүз гастролго чыгып, "Даткайым" ырын жаздырууну пландаганбыз. Бул клип тарыхый сюжетти камтыган алгачкы клиптердин бири десем жаңылышпайм. Учурунда аябай популярдуу болуп, азыр да популярдуулугун жогото элек. Клип өзүм туулуп-өскөн Үч-Эмчек жайлоосунда тартылган. Ырдын аранжировкасы бүткөндө режиссёр Айбек Дайырбековго клиптин идеясын сунуштаганбыз. Ал биз айткан идеяны толуктап, акырына чыгарган.

Тарыхый клип болгондуктан, тартуу иштери да бир топ түйшүктү талап кылган. Ошол мезгилге жараша кийимдерди табуу, тартылуучу жерлерде иштөө кыйын эле болгон. Бирок клипке акча каражатын аяган эмеспиз. Жалпы 3 миң доллар кеткен. Башкы каармандын образын Элина Абай кызы жараткан. Ошондо эле биз Элинага Даткайымдын ролун берип койгон экенбиз деп азыр күлүп калабыз".

Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаевдин "Даткайым" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.05.2016. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul klip echak tartylgan, a Elinaga oshondo ele Datkaiymdyn rolu buirugan eken da. Klip mykty, yr dagy!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: