super.kg logo

Сурамжылоодо Кыргыз Республикасынын жарандарынын 65 пайызы өлкө туура багытта баратканын билдиришти

 

Дүйнөгө белгилүү "Gallup" уюму "Кыргыз Республикасынын эли туура багытта баратабы?" деген сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Сурамжылоону уюм Эл аралык республикалык институт үчүн жүргүзгөн. Маалыматка таянсак, Эл аралык республикалык институт - 1983-жылы дүйнөдөгү демократияны өнүктүрүү максатында түзүлгөн америкалык уюм. Ал сурамжылоону 20 жылдан бери жыл сайын дүйнөнүн 60 өлкөсүндө өткөрүп келет.

Жалпы сурамжылоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында "Кыргыз Республикасы саясий жана экономикалык туура багытта бара жатат" деген маалымат жарыяланды. Жарандардын 65 пайызы мамлекет туура багытта бара жатканын айтышса, 57 пайызы өлкөдө демократия өнүгүп жатканын белгилешкен. Мындан 3 жыл мурунку сурамжылоодо өлкөнүн ар бир экинчи жараны мамлекет туура эмес багытта бара жатканын белгилеген. “Сиз демократияны тандайсызбы же дүркүрөп өскөн экономиканыбы?” деген суроого жарандардын 68 пайызы “экономиканы тандайбыз” деп жооп беришкен. Ал эми демократияны колдогондор 25 пайыздан ашкан эмес.

Башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыргыз жергесинин тургундары оптимисттик көз карашта. Башка мамлекеттерде элдин 11-19 пайызы гана өлкөсү туура жолдо баратат деп эсептейт.

Мындан тышкары сурамжылоого катышкан ар бир 5 жарандын төртөөсү президент Алмазбек Атамбаевдин жасап жаткан ишин колдой тургандыктарын билдиришкен. Бул былтыркыга караганда 3 пайызга көп. Жалпылап алганда, президентти жарандардын 78 пайызы колдогон.

Сурамжылоо жүргүзүлгөн маалда ар бир экинчи адам жумушсуздук жана жумуш ордуларын түзүү башкы көйгөй экенин айтышкан. Ар бир үчүнчү адам коррупцияны негизги маселе катары эсептешерин белгилешкен. Андан сырткары миграция, чек арадагы кырдаал, экстремизм жана башка көйгөйлөр да айтылган. Шаарларда жана айылдарда башкы маселе катары жолдордун сапаты, ичүүсү суунун таңсыктыгы жана жумушсуздук көйгөйлөрү айтылган.

Сурамжылоо бүткүл өлкө боюнча үстүбүздөгү жылдын мартында жүргүзүлүп, ага жалпысынан 1500 адам катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
24.05.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
койгулачы ар бир 5 нун тортоо Ашаны колдошот имиш жомокко бул Ашаны эч ким колдойт азыр озунун жакындарыле колдобосо билбейм.
24.05.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы жомок екен бул санды кайдан алышты билбейм же Ашаны 75 пайыз ел колдойбу ишенгим келбейт азыркы бийликти 100 адамдан бир адам колдосо керек
24.05.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
men tuura dep esepteim Almazbek Atambaev jakshy ishtep atat
24.05.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
20 адамдан сурай коюп эле айта салышат да жок нерсени.Сурамжылоо деген нерсе эч жакпайт да.
24.05.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Атамбаевди биздин уй було толугу менен колдойт.Кошуналар Мадумаров Кайын журт Сариев кыскасы Атамбаев алга!!!!
24.05.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Неге оз ажообузду жамандай бересинер жакшыбы жаманбы иштеп жатат ким берет экен бизге жакшы ажоосун Путинди чакырып алалыбы? же Назарбаевти? тооба эки оозунордан бир ооз ким жаман Атамбаев жаман иштебейтат.Президент болгонуна 5жыл аали болгон жокко жана мамлекеттин казынасында бир демке болду бекен деги кыргызстанды гулдотконго. ким келип эле жашоону керемет кылып ийсин туулган бала деле биринчи жормолойт анан тай-тайлайт кийин басат анан жугурот эмеспи
24.05.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
GULZAT.83, Акылдуу президенттин иштеринин жемиши 1 жыл толуп толбой корунот 5жылда эмес. ХХХ ХХХ ХХХ? Олко осуп, экономикабыз онугуп жатса мигранттарыбыздын саны кыскарышы керек эле го... ХХХ ХХХ ХХХ Мигранттардын саны акыркы 5-6 жылда 1,5 эсеге кобойду... Любой бироонон сурап корчу жашоо жакшыбы деп... Буларга бийлик менен убакыт байлык топтоо учун эле керек, жашырып эмне кыласынар.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-24 16:48:34
24.05.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
barpy, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
24.05.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
GULZAT.83, Акаевке убакыт керек дединер эле, Союздан калган ири чарбаны, завод-фабрика, фермаларды талкалады да сатып байып качып кетти, Бакиев дагы. Эми кезек Атамбаевде. Бакиевди жаман деп журуп андан 2 эсе коп байлык чогултуп койду.

Дагы жакшы бешенебизге мигранттарыбыз иштеп Кыргызстанды багып жатат, алар салган акча экономиканы аз да болсо кыймылдатып иштетип жатат.
24.05.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
GULZAT.83, Атамбаев иштей албаса аны эл эмнеге макташы керек, ХХХ ХХХ ХХХ Кыргызстанда президенттикке ага караганда татыктуу 5999999 адам бар... Насирдин Исанов, Сатыбалды Жээнбековдорду олтуруп, А.Масалиев, Бекмамат Осмонов, Мырзакматов сыяктууларды оппозиция коруп, бийликтен кууп турсанар Кыргызстан албетте онукпойт да. Издесе Путин менен Назарбаевдер озубуздо деле бар, бирок бийликти ХХХ монополия кылып алган...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-24 16:58:36
24.05.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
barpy, провокация, кимдир бироону мазактоого жол жок! Сизге 5 күн БАН!
24.05.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба колдошот жарандары чет олкодон кыйынчылык менен жан багып келгендиги у-н колдошот.
24.05.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекмамат Осмонов президент болгондо Кыргызстандын Путин менен Назарбаеви болмок. Операциядан чыкпай калышына ошол маалдагы бийликтин "салымы" болсо керек
24.05.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маалыматты тетирисинен жазып алган окшойсунар а.
24.05.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акылыныарды жыйгылачы туугандар,силердин эле айтканынар менен болуш керекпи,бул жалпы сурамжылоо,озгорууну озубуздон баштасак,жакшы соз бар го "Мамлекет сен учун эмне кылды деп сураба,сен мамлекет учун эмне кылдын деп"
24.05.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nur_Iman,Мени кечирип койгула бирок ушул сайтта кобунчосу наалыгандар отурат,кичине терен ой жугуртууну уйронсок,админ туура кылыт саясат болумундогу талкууну жабып,кирсен жаллааан эле тагдырына таарынгандар,бээ десен тоо дегендер,мен да чет олкодо иштеп келгем уй буломду таштап,бирок мен мамлекетти куноолобойм,баары озубуздун колубузда,жакшы ниет кылайлы,ынтымакта болойлу,Кудайым буйруса баары онолот.
24.05.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтин заказыго бул ким кимди колдойт коруп атпайбызбы
24.05.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев экономиканы кыйратпаганы эле болбосо, диний эркиндик берип, аны колдогонуна ыраазымын.
24.05.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен жана үй бүлөөм, тууган урук менен Бакиевди колдойбуз. Мага эч ким деле эмес, бирок жакшы иштеген. Өзүм Арсланбоб жактан болом. Бакиев президент болгондон кийин Базаркоргондон баштап Арсланбобго чейин жолду асфальттап тегиз кылып оңдоткон.Акыркы мезгилде селдер жүрүп жолдор бузулган жолду суу жеп жергиликтүү тургундар өздөрү эптеп жолду оңдоп жашап атышат. Арсланбобдун жолун оңдотуп койсо жакшы го канчалаган туристтер келет ошол жакка, жолду көрүп эстери ооп кетсе керек. Кароче, Атамбаев пр
24.05.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев президент болгондон кийин биз жакка көңүл бөлгөн адам жок. Андай жер бар экенин билбейби же? Азыркы чоңдорубуз өзүн гана ойлоп курсактарынын камын көрүп эле жүрүшөт бир күнү тешип чыкса эле.
24.05.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акаев менен Бакиев Кыргызстандын тышкы карызын 20жылда 2 млрд $ жеткизген.Ал эми Атамбаев болсо 5 жылдындын ичинде эле Кыргызстандын тышкы карызын 2 млрд $ жеткизди азыркы кезде Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд $.Эсинерде болсо Назарбаев Атамбаевке айткан карыз суурааэрбей иштегиле деп ошол намекту Атамбаевке айткан.
KGstan1981 түзөттү 2016-05-24 19:10:37
25.05.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бирин Бакиипти, Акаиипти мактайсынар? Мен ушу силерге эч тушунбойм. Атамбаев бул биздин Кыргыз элинин улуу урматтуу президенти. УКТУНАРБЫ!
25.05.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев Азамат,соз жок,башка дагы кандай иштейт,аракет кылып эле жатат,колунан келишинче
25.05.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев карапайм элге жан тарткан киши экен.. башында ХХХ деп жаман корчу элем.. азыр сыйлайм.. коп жакшы иштерди кылды..
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-26 00:02:32
26.05.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gyiwak, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-26 00:06:45
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: