super.kg logo

Москвада "кыргыз кыздарына жумуш таап берүү шылтоосу менен жолугушууга чакырып, аларды зордуктап, тоноп жүргөн" деп шектелген жаран кармалды

 

Москвада "кыргыз кыздарына маяналуу жумуш таап берүү шылтоосу менен жолугушууга чакырып, аларды зордуктап, тоноп жүргөн" деген шек менен Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиев билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Ош облусунун Ноокат районунун 1994-жылы туулган Батыржан уулу А. 14-майдан 15-майга караган түнү Москва шаарындагы Варшава шоссесинин аймагындагы темир жолдон кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында убактылуу эч жерде иштебеген кылмышка шектүү кыргыз кыз-келиндерди жумуш издеп жарыя берген кыргыз тилдүү бир нече сайттар аркылуу таап, алар менен байланышып жүргөнү аныкталган. Ал эми жолугушууга келгендерди темир жол аймагына алып барып зордуктап, тоноп, андан соң изин жашырып кетчү.

"Ал кыз-келиндерди айлыктары 30-40 миң рубль болот деген убада менен Москвадагы ресторандардын бирине жумушка чакырчу. Кылмышка шектүү жумуш кечки нөөмөттө деген шылтоо менен жолугушууларды кечки убакытка дайындачу. Жабырлануучулар менен жолуккан соң аларды темир жол тарапка алып барып, далдоо жердеги гараждардын жанынан аларды коркутуу жолу менен зордуктап, баалуу буюмдарын алып кетип калчу. Учурда кылмышка шектүүнүн үстүнөн 4 арыз түшкөн. Дагы бир жабырлануучу арыз жазып, бирок расмий түрдө күч органдарына кайрылуудан баш тарткан. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
24.05.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жазасын алсын мындайлар тооба
24.05.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кана суроту корбойлубу эл билсин таанысын антип кылмышкерлерди жашырбай
24.05.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kepka,ошол да суротун чыгарыщ керек алданып калгандар болсо балким суротунон таанышмак.
24.05.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Башка олкодо оз жердешин кордогон мындай каракчыны олтуруп эле салыш керек! !! Кайсы айлынан болду экен БЕТИ ЖОК
24.05.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Башка олкодо жардам бергендин ордуна тоногону эмнеси? Батыржан уулу дегенге караганда Кыргыздын атын жамынган ХХХ окшойт
Модератор admin_portal түзөттү 2016-05-24 17:06:28
24.05.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ulan_eshbaev87, этика нормаларын сактаңыз!Эскертүү!
24.05.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундайларды кун сайын чыгаруу керек, анча мынча гезиттерге чыгып калса Мындай корунуш редко болгондой сезилет, а так кунуго болот!
24.05.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кандай ар намысы жок бала болду екен суротун да чыгаргыла! Кыргызымдын кыз келиндерин колдойлу негизи еле бири бирибизди колдоп ынтымактуу журсок еч ким кыйынчылык корбойт еле
24.05.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун укмуш сезип жургонго.ылайым "ошосу"жарабай калсын.ар бир кыздын коз жашы урсун!
24.05.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын, ушинтип чет жерде өзүнүн жердештерине кордук көрсөтүп оңой оокатын жолун таап алгандар көбөйдүго.
24.05.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ноокаттык уч тамга! Колунан келгени ушул экен да (трас)тын!
25.05.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда журот болдукен жанагы патиоттор ушулорды деле жазасын бербейби ,башка улут менен журот деп кыздаргале кучун коргозбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: