super.kg logo

Бишкектин бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанаты 27-майда белгиленет

 

Быйылкы Акыркы коңгуроо салтанаты Бишкек шаарындагы бардык мектептерде 27-майда саат 9:00дө башталмакчы. 2015-2016-окуу жылында борбор калаада бүтүрүүчүлөрдүн саны 14 892. Алардын 5380и 11-классты бүтүрүп жатышса, 9512си 9-классты аяктап жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 24-майда билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин "Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасын өткөрүү" буйругу боюнча 2015-2016-окуу жылы 27-майда аяктайт. Бардык мектептерде өтө турган салтанаттуу иш-чаралардын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап, тартипти сактоо үчүн атайын иш-аракеттер жүргүзүлөт. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул тууралуу бир нече тапшырмалар берилип, укук коргоо органдарынын башчыларына расмий каттар жолдонгон. 27-майда саат 9:00дөн баштап 28-майда таңкы саат 8:00гө чейин Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп директорлору жана ата-энелер кезеги менен күзөттө болушат. Андан сырткары шаар боюнча Билим берүү башкармалыгынын жана ИИББдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн Жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын кызматкерлеринен турган мобилдүү топтор иштемекчи. Ошондой эле коопсуздукту жалпысынан шаар боюнча 500 укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.05.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи традиционно белгилеп келген 25-май акыркы конгуроо куну эле жакшы угулат...Ушул куну башкача сезим коштойт журокту...Эх окуучулук кундорум ай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: