Чүй облусунда малчынын койлорун уурдап, ага ок чыгаргандар кармалышты



Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда малчынын койлорун уурдап, ага ок чыгаргандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-март күнү саат 00:30 чамасында Романовка айылындагы мал сарайдан белгисиз жарандар 7 баш кой уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышка шектүүлөр сарайдагы малды карап жүргөн 44 жаштагы С.М. аттуу жарандын бутуна атып, изин жашырып кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы жана 29 жаштагы эки жаран кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.