super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Бул дүйнө адилеттүү болгондо, бай менен кедей бирдей өмүр сүрмөк..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жараткан камкор болсо, эмне себептен азап-кайгы мынчалык көп?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эмне себептен алдамчылар, кылмышкерлер, деги эле начар адамдар көп жашайт да, эч бир күнөөсү жок, таза адамдар бул жашоодон тез кетишет? Же болбосо таза адамдын жашоосу начар, ал эми начар адамдардын жашоосу жакшы?"

"Бир нече жыл мурун кошунам каза болуп калды. Анын кичинекей баласы мындай деди: "Кудайым азыр бардык жакшы кишилерди өзүнө чакырып чогултуп жатат. Ошондуктан менин атамды да эрте алып кетти. Жакшы адамдардан аскер курат да, баары кайра келишип, бул жактагы жаман адамдарды жок кылышат. Ошондо биз бактылуу жашап калабыз".

"Жакшы адамдар деле жакшы жашайт, жаман адамдар деле жаман жашайт, жашоо ар кандай болот да".

"Бул дүйнө жыргал болгондо, ымыркай бул дүйнөгө ыйлап келмек эмес. Бул дүйнө таза болгондо, өлгөндө жууп көммөк эмес. Бул дүйнө адилеттүү болгондо, бай менен кедей бирдей өмүр сүрмөк..."

"Адам баласы жашоону өзү татаалдатып алат. А негизи, жашоо керемет!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.05.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо татаал.
25.05.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курду адам баласы бул дуйного чейин башына ,бул дуйнодо белине,тигил дуйнодо бутуна байлап журот деп укан элем ошол чындык болсо жашап жаткан жашообуз адамдарды сыноого берген ,жакшы адамдар кайрадан бейишке башына таажы кирип,жаман адамдар тозокко бутуна кишен салып ,ал эми ортодо жургондор кайра жаралат бул дуйного сыноо учун деп ойлойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: