Аламүдүн. Достук жаңы конушунда 19 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, акча талап кылган эки жаран кармалды

Аламүдүн районунун Достук жаңы конушунда 19 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, акча талап кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр 23-май күнү түнкү саат 02:00 чамасында Достук жаңы конушунун 19 жаштагы А.А. аттуу тургунунун үйүнө кирип, бычак менен коркутуп, акча талап кылышкан. Мындан сырткары үй ээсинин уюлдук телефонун тартып алышкан. Иликтөө иштеринин натыйжасында 19 жаштагы Б.А. жана 17 жаштагы Х.Д. аттуу жарандар кармалышкан.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.