super.kg logo

Турдакун Ниязалиев концертинде Мирбек Атабеков менен "Айтыңыз маарек болсун" ырын дуэт аткарышты

 
"Добулбас" тобу
Ырчы Гүлжигит Калыков
Турдакун Ниязалиев "Добулбас" тобунун жигиттери менен "Жубайыма" ырын комуздун коштоосунда аткарды.
Мирбек Атабеков "Таласым" ырын ырдады.
Турдакун Ниязалиев Мирбек Атабеков менен "Айтыңыз маарек болсун" чыгармасын дуэт аткарды.
Ырчыга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Ардак грамота тапшырылды.
Нурмат Садыров "Айылым" чыгармасын ырдады.
"Эненин каты" монологунан көрүнүш
Ырчы апасына 101 роза гүлүн белекке берди. Андан соң сахнага чыгарып, апасына арналган "Апакем" ырын аткарды.

Мирбек Атабеков ырчыга чыгармачылык ийгилик каалады. Андан соң Турдакун Ниязалиев "Айтыңыз маарек болсун" ырын Мирбек Атабеков менен бирге аткарды. Ошентип, ыйманга, үй-бүлөнү, ата-энени барктоого, эл-жерди сүйүүгө үндөгөн Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" жеке концерти соңуна чыкты.

20:45. Учурда белгилүү ырчы Мирбек Атабеков "Таласым" чыгармасын ырдап жатат.

20:35. "Жубайыма" ыры бир үй-бүлөнү сактап калгандыгы тууралуу видео көрсөтүлдү. Анда ажырашууну чечишкен түгөйлөр кокусунан ушул ырды угуп калышып, ыйлап бири-биринен кечирим сурап, ажырашуу оюнан кайтканы баяндалды. Ырчы эч качан ажырашуу болбосун, ар бир үйдө ынтымак, сүйүү болсун деп "Жубайыма" чыгармасын комуздун коштоосунда аткарды.

20:30. Нарынбек Алыбаев "Кризис" ырын ырдагандан кийин Турдакун Ниязалиев "Келгиле, жаштар" чыгармасын тартуулады.

20:15. Ата-бала жөнүндө түрмөк көрсөтүлдү. Анда "ата, оюнчук машина алып бериңизчи, окууга акча бериңизчи, кийим-кечеге акча бериңизчи" деп чоңойгон бала атасынын "үйдүн чатырынан суу агып жатат, кичине акча болсо жакшы болмок" деген сөзүнө "акча жок" деп жооп берет. Андан кийинки да атасынын акча сурагандарына түрдүү шылтоолорду айтып, укмаксан болот. Ата-эненин "бир келип кетчи" деген сөзүнө баласы "Ии, дагы акча керекпи?" деп суроо салат. Анда атасы “апаңдын жаназасына кел” деп кайгылуу кабар угузат... Турмуштагы чыныгы окуяларды чагылдырган таасирдүү түрмөк көрүүчүлөрдү ойго салып, кээ бири көзүнө жаш алды.

Терең мааниге ээ видео көрсөтүлгөндөн кийин Гүлжигит Калыков “Ата-эне кадырын ким билет?” деген ырды ырдады.

20:05. "Каганат" комузчулар тобу белгилүү күүлөрдү аткарган соң кече ээси сахнага чыгып, ыйманга чакырган "Мухаммедим", "Ураан" чыгармаларын ырдады.

19:50. Концертте "Добулбас" тобу чыгармаларын аткарууда.

19:40. Ырчы "Канча ката кетирбейли, эне кечирет. Мен да энемди канча ирет капа кылдым билбейм, апамды капа кылсам, кечирим сурап, ушул 101 роза гүлүн сунамын" деп 101 роза гүлүн белекке берди. Апасын сахнага чыгарып, "Апакем" ырын аткарды.

19:35. “Эненин каты” монологунда терең маанилүү, таасирдүү сөздөр айтылып, бала төрөлгөндөн эр жеткенге чейинки учур эненин көз алдынан өтөт. Балага эненин мээрими, сүйүүсү канчалык бийик болору, ошол сүйүүнү убагында барктап алуу керек экендиги айтылат.

19:20. Нурмат Садыров “Айылым” ырын ырдаган соң энелерге арнап “Апакем” чыгармасын аткарды. Учурда "Эненин каты" аттуу сахналаштырылган көрүнүш баласына кат жолдогон эненин монологу көрсөтүлүүдө.

19:10. "Жубайыма” ырынан кийин Турдакун Ниязалиев “Каниет ыры” чыгармасын аткарды. Андан соң Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан ырчы Ардак грамота менен сыйланды. Учурда ырчы Нурмат Садыров "Айылым" ырын ырдап жатат.

19:00. Үй-бүлө тууралуу сахналаштырылган көрүнүш чагылдырылып, сахнага Турдакун Ниязалиев чыкты. Учурда ырчы "Жубайыма" чыгармасын аткарууда.

18:50. Аалы Туткучев концертке келген ата-энелерге каалоо-тилек сөзүн айтты. "Карыларды сыйлайлы, эртең эле силер да карыйсыңар" деген төкмө акын да “Жубайыма” ырынын тарбиялык маанисине кеңири токтолуп, ырчыга чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Андан соң үй-бүлөдөгү жубайлар ортосундагы сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлдү.

18:40. Концерт башталды. Концерттин башталышында сахнага төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев чыгышты. Жеңишбек Жумакадыр "аялдын 40 түрлүү амалы бар, бир эле амалына чалынсаң, ыр жазбоого айлаң жок” деп сүйүү, аялзаты тууралуу ырдап, жеке концертин берип жаткан ырчыга ийгилик каалады. Учурда Аалы Туткучев ырдап жатат.

18:20. Бүгүн, 24-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Жубайыма" ыры менен калың элге таанылган ырчы Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" аттуу жеке концерти башталганы жатат. Ырчынын айтымында, концертте үй-бүлө, эл-жерди сүйүү, ата-энеге болгон урмат-сый тууралуу чыгармалар аткарылмакчы. Филармониянын залы көрүүчүлөргө толуп, алардын катарында улуу муун да, орто жаштагылар да, жаштар да көп. Концерт жогорку деңгээлде болору айтылып, көрүүчүлөр концерттин башталышын күтүп жатышат.






Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" концерти

Турдакун Ниязалиев жеке концертинде апасына 101 роза тартуулады. 24.05.16

Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" концерти 2. 24.05.16

Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" аттуу концертинен репортаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(32)
24.05.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-44
Apeeei 1 ele yry populyarnyi boldu ele go konsert berip ataby bat ele
24.05.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
sirgak_92, Кечирип кой тууганым. Мухаммедим, Салават, Жубайыма дегени сага болбосо башкага популярдуу. Саны бар болуп сапаты жок болсо эмне пайда? Көрүп атабыз сапатсыз ырларды ит кечпей калган көптүгүнөн. Аларга караганда бул ырда жубайга кандай мамиле кылыш керектиги айтылган....
24.05.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-31
Aktilek1994 dosum antip katuu ketpe 1 ele yryn bilebiz anan 1 yr menen konsert koigonu mmmmmm
25.05.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
sirgak_92,туура айтасын 1 эле ыр м н ашар концерт койгонго жок дегенде 5 ыр ырлап чыгып жеке концер койсо болмок мммммм
25.05.2016. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Farm94,5 ыр эмес керек болсо 100 ыры бар
25.05.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
sirgak_92,тууган сен кызыкпасантконечно билбейсин бир эмес кооп эле ыры бар азыркы жаштар ыйман тууралуу ырларды уккусу келбей каяктагы шайтандын дангыр дунгур музыкаларына озу тушунбосо да бийлей бере турганды кутуп калышкан!
25.05.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sirgak_92, 1 ыры 100 ырга тете болду!Баракелде Турдакун байке.Ошко да келип кетиниз
25.05.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тойлорго барсаныз, охоо... Коп тойго чакырышат. Алар деле байкап туруп анан концерт койсо керек деп ойлойм. Себеби филармонияны толтуруш деле оной эмес ко! Озуно ишенбеген концерт койбосо керек дейм да.
24.05.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Турдакун мыкты ырчы. Ырларынын создору, обондору мага жагат. Оркунун оссун, ийгилик.
24.05.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Турдакун Ниязлиев алгаа сени Аллаах колдосун эненин таманында бейиш деген суйуктуу пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) айткан сенин бир ырын пайдасы жок ырлардан миллионунан артык мазмуну ишине ийгилик даайыма жакшы ырларды ырдап журо бер рахмат сени Аллаах колдосун
24.05.2016. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Жубайыма деген ыры мага ото деле жага бербеди, бир эле соз кайра кайра кайталай бериптир.
Медиа-портал
24.05.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мынакей чыныгы мырза))
24.05.2016. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай жалгасын.Апасы жапжаш го.Бир гезитке аялы экоо интервью бергенин окуп сыйлап калдым.Идеалдуу"парочкалар"экен.
Медиа-портал
24.05.2016. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алтын апаларыбыз 101 эмес,миллион розага дагы татыктуу эмеспи.Азаматсыз!
25.05.2016. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Болбогон ырлары хит болгон ырчылардын 10 ырынан көрө, бул ырчынын бир ыры миң эсе артык. Анын ырларынын маанисин түшүнбөгөн немелер үчүн популярдуу болбосо, ырдын маңызын түшүнгөн киши үчүн таалим-тарбиялуу ырлар. Сүйдүм күйдүм, өлдүм,калдым, жашоо кызыксыз сенсиз, ж.б.деген жеңил-желпи ырлардан көрө, тарбиялык мааниси зор ушундай ырлар жакшы эмеспи. Азамат, апасына 101 роза белек кылган. Кээ бирөө жүрөт сүйгөнүнө 101 роза берип колун сурап. Алгач энеге, анан кызыңа. Жаштарга үлгү.
25.05.2016. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мирбек менен болгон дуэт качан сайтка жуктолот?
25.05.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dastan_nookat, саламатсызбы! Жакынкы арада медиа-порталыбдан көрө аласыз.
Медиа-портал
25.05.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энесин сыйлаган балдарыбыз коп болсун. чон ракмат иштерине ийгилик Алла ыраазы болсун сага!!!!
25.05.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен деле жакшы билбейт экенмин,мындан ары билип журойун,ушундай ырчы бар экенин
Медиа-портал
25.05.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылардын концерттик программасы (салты) элге тааныш да.баары эле апаларын чакырып гүл беришет.
25.05.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турдакун озу ырдаган жокго жанында ырчылар бар кичине ойлогуп жазсанар чала була окуп еле жаза калбай бир ыры болсо башка 100ыры бар ырчылар популярный боло албай журотго
Медиа-портал
26.05.2016. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баракелде ! байкашымча башты оорутпай журокту тынчтандырата турган концерт болгон экен
Медиа-портал
26.05.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazmirjaz,oa soonun boldu
SUPER.KG видео
26.05.2016. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Концерт жакшы откон окшойт.
Медиа-портал
26.05.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даңка-дуңк деген концерттерге караганда өлсө өлүгү артык, эс алдырган концерт болуптур.Апасына гүл берип жатканында мен апамды сагынып ыйлап жибердим. Ата-энебиздин көзү тирүүсүндө ушинтип баалай билели. Азаматсыз, Турдакун. Ийгилик каалайм чыгармачылыгыңызга!
Медиа-портал
26.05.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле кичине ырларын кобойтуп алып концерт берсе болмок
SUPER.KG видео
26.05.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Konsert aiabai jakwy ottu.mazmynduu.ata eneni syiloo degen konsert ottu desem janylbaim
SUPER.KG видео
27.05.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Огоо жакшы отуптур
Медиа-портал
29.05.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Турдакун байке ийгилик сизге!чыгармаларынызды сыйлайбыз!Ооо артында менин байкелерим туратго,Темирлан агай,Самат байке,Мирлан байке!
SUPER.KG видео
01.06.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Т.Ниязалиев менен М.Атабековдун дуетин жүктөсөңөр сонун болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: