ЖКнын тийиштүү комитети Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты уюштуруу мыйзам долбоорун жактырды
2-апрелде ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Чыңгыз Айтматов атындагы төш белги түзүү демилгесин колдоду. Каржы министри Ольга Лаврова алгач өкмөт каражаттын жетишсиздигинен бул мыйзам долбоорго макул болбогонун түшүндүрдү. “Мамлекеттик сыйлыктарды даярдоого көп каражат кетет. Бирок өкмөт чечим кабыл алса, керектүү каражат булактарын издөөгө туура келет”,- деди ал. Айта кетсек, бул төш белгини түзүү тууралуу мыйзам долбоору ЖКнын депутаттары Эгемберди Эрматов, Каныбек Иманалиев жана Карганбек Самаков тарабынан иштелип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

