Жети-Өгүздө окуучунун өлүмүнөн улам мектеп директору иштен алынды
Жети-Өгүз районунда окуучунун өлүмүнөн улам С.Абдракманов атындагы мектептин директору жана каза болгон окуучунун класс жетекчиси иштен алынды. Маалыматты 25-майда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Мектеп директорунун милдетин аткаруу мекеменин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарына жүктөлдү. Факт боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Эскерте кетсек, 21-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда классташтары менен тоого эс алууга чыккан 5-класстын окуучусу дарыяга түшүп кетип каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aiba_00

25.05.2016. 09:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ии жаман болуптур ата-энесине кудайым сабыр берсин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.