super.kg logo

Москвадагы Чыңгыз Айтматовдун скверинде жазуучунун эстелиги орнотулат

 

Кечээ, 24-майда Москва шаарынын Маданий мурас департаментинин монументтер, эстелик белгилери жана мемориалдык такталар бөлүмүнүн башчысы менен скульптор Адил Сейталиев жолугушту. Жолугушууда Москвадагы Данилов районундагы Павлов көчөсү менен Подольский шоссесинин ортосундагы скверге Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 14-апрелинде жергиликтүү бийликтин чечими менен ал скверге кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.

Тараптар уюштуруу-техникалык маселелерин, эстелик орнотулчу жерди карап, аны орнотуунун болжолдуу схемасын түзүштү.

"Москва шаарынын Маданий мурас департаментинин өкүлдөрү Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу маселесине максималдуу көмөк көрсөтүшөрүн билдиришти", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: