super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Калыс-Ордо-2 конушунун тургундары сууга бай өлкөдө жашап, сууну сатып алып күн кечирип келишет

 

"Медиа-порталдын" "Супер ТВ" бөлүмүндө Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо-2 конушундагы суу көйгөйү тууралуу видеоматериал жарыяланды.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Калыс-Ордо-2 конушунда таза суу маселеси чечилбей келет. 886 гектар аймакты ээлеген конушта расмий каттоодон өткөн миңдей тургун бар. Конуш 2005-жылы түшкөнү менен, акыркы 11 жыл аралыгында тургундар таза суу менен көгүлтүр отко муктаж болуп келишет.

Айыл тургундары 1 тонна сууну 250 сомдон сатып алышат. Алынган сууну идиштерге бөлүп куюп алып сакташат. Суу көйгөйү боюнча тургун Нурбүбү Мусалиева айтып берди. "Жаандын суусун да кир жууганга, кол чайкаганга колдонобуз. Ал эми иче турган сууну сатып алабыз. Аны кайнатып, анан колдонууга өтөбүз. Суу чыгаруу кыйынга турат экен, ал үчүн жерди 25-30 метр тереңдикте казыш керек", - дейт ал.

Бул көрүнүш элди бышырып, сууну барктай билүүгө үйрөткөн. Мисалы, бир колдонулган сууну оңой менен төгүшпөйт. Анын биринчи колдонулушунда канчалык кирдегенине көз салынып, дагы колдонгонго аракет кылышат.

Сууга бай өлкөдө жашап, сууну сатып алып жаткан конуш тууралуу видеоматериалды толугу менен бул жерден көрүңүз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.06.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Машина менен жерди бурить этип бергендер бар го ошолор да чыгара алышпайбы?
10.06.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
radyakiz, кымбат да
10.06.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rashinboy,Ооба кымбат экен уйдогулор чыгартышыптыр 45минге,терени 45 метр дейт
10.06.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыс Ордо 2 суу киргенго быйыл азыр копчулугу уйлорунун алдынан чыгарып алып жаттатко.
syd.adilet түзөттү 2016-06-10 15:33:20
10.06.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
juma11anara, суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
10.06.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой Тообо,Биздин айылдан 150 метрден чыгат десе да,чыгарабыз деп аракет кылып жатабыз го.25-30 метр деген не деген нерсе,чыгарып алышпайбы.
12.06.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жерде менин атамдар жашайт. Уйдун алдынан суу кранттан чыгат ко?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: