super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Экинчи турмуш кыйын экен, тилимди тишиме катып араң жүрөм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Экинчи турмуш" деген тема талкууга алынууда.

Автордун: "Адам баласы турмушунда эмнени гана көрбөйт?.. Экинчи жолу турмуш куруп, бактылуу жашаган адамдар барбы?"- деген суроосуна мындай пикирлер жазылган:

"Мен биринчи турмушумду такыр эстебейм. Биринчиде бактылуу көз ирмемдер болгон эмес. Ал эми экинчи турмушум кыйла жакшы, дайым күйөөм эркелетип турат. Мен да жакшы аял, келин болоюн деп тырышам".

"Мен күйөөмдүн экинчи аялымын, биринчи аялы менен ажырашып кеткен. Бактылуу элебиз. Аял киши "Бул мени бактылуу кылат бекен?" деп эмес, "Мен бул адамды бактылуу кыла аламынбы?" деп тийиш керек".

Мындай кеп уккам: "Биринчиси - жакшыраак, экинчиси - как шыйрак, үчүнчүсүнөн качыр эшек жакшыраак". Турмуштан ар нерсени күтүүгө болот, кээ бири экинчиси менен бактылуу жашайт, кээ бири экинчи турмушту баштап алып, биринчиси менен салыштыра берип, кайрадан турмушун бузуп алат".

"Экинчи турмуш кыйын экен, тилимди тишиме катып араң жүрөм. Салыштыра берет, биринчисин айта берет, "барып ошо менен жаша" десең кайра "ал мага жакпайт, ошого ажырашкам" дейт. Чыдап жашайбыз да, айла канча?"
"Баары бир биринчиге жетпейт. Биринчиде урса да, сөксө да, тепсе да чыдап коюш керек экен. Убактылуу чыр-чатак чечилет, ал эми турмуш, үй-бүлө сакталып калат. Экинчи баары бир экинчилигин кылат экен, өкүнөм, аябай өкүнөм. Айла жок. Насип экен деп эле тилди тиштеп өзүбүздү алдап кунарсыз жашоодо жашап жатабыз. Элдин сөзү, ата-энемдин жүзү деп, анан кызым үчүн эле чыдап жүрөм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.05.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
башка салса баарына көнөт адам. азыркы күндөгү жакшы жаманды ажырата билгенин туура. баарын көрүп койгондой акыл айтып жатамго.
25.05.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчисинин мазасын экинчисинин берсин жазасы дейт ко...Кыскасы чымчыктын да уясы бузулбасын.Өкүндүргөнү азыр адамдар ажырашууну эчнерсе катары көрбой калды
25.05.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиси эстен кетпейт, экинчиси кадырыңа жетпейт дегендей.
25.05.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи жолу болбой эле койсун бир эле турмуш болгонго не жетсин!!
26.05.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи жакшы экинчиси бакшы учунчусун алгандан олгонун жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: