super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Атаман" ырынын клиби мектептин бүтүрүүчүлөрүнө, окуучуларга арналган белек" дейт Аваз Акимов

 

"Мен биринчи атаман, сен экинчи деп,
Бирде сени келтектеп, бирде келтек жеп мен.

Канча жолу мушташтык биз кыз талашып,
Аттиң, ошол күндөр калды кайда адашып?.."
Бул ырды мектеп партасында бактылуу балалык күндөрүн өткөргөн ар бир окуучу билери талашсыз. Мухтар Атаналиевдин аткаруусунда хит болгон "Атаман" ырын эми ырчылар Нурлан Насип, Аваз Акимов кайрадан жаңылап ырдап чыгып, клип да тартышкан. Клип тууралуу Аваз Акимов мындай дейт:

"Бул ырды Мухтар Атаналиевден уруксат сурап ырдап чыктык. Ар бир адам мектепте бактылуу окуучулук күндөрдү өткөрөт эмеспи. Андыктан клипте окуучулар башынан өткөргөн кызыктуу окуялар камтылган. "Атаман" ырынын клиби мектепти бүтүп кеткен бардык бүтүрүүчүлөргө, окуп жаткан окуучуларга арналат, аларга арналып тартылган белек десем да болот. Нурлан экөөбүз бир мектепте окуган классташ эмеспиз, бирок жогорку окуу жайда бирге окуганбыз".

Аваз Акимов менен Нурлан Насиптин "Атаман" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.05.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз талашып мушташа элекмин зордоп суйдуруудон пайда жок экенине ишенем ошондой болсода мага жагат бул ыр коп эле ырдап калам. Талаада суу эгиндерге суу койуп журуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: