Белгилүү акын Жолон Мамытовдун эстелигин жасоого сынак жарыяланды
Белгилүү акын Жолон Мамытовдун эстелигин жасоого Ош шаардык мэриясы сынак жарыялады. Мындай билдирүүнү аталган шаардын вице-мэри Дастан Ходжаев акындын туулган күнүн эскерүү иш-чарасында айтты. "Ош шаарындагы "Журналисттер аллеясына" Жолон Мамытовдун ысымы ыйгарылды. Бул жер адамдардын чыгармачылыгын өркүндөтүүсүнө шарт түзөрүнө ишенебиз”,- деди вице-мэр.
Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында туулган. Анын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу” аттуу жана башка поэтикалык жыйнактары окурмандардын алкоосуна татыган. Акын 1988-жылы 7-мартта 48 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.