Бишкекте "12 жаштагы кызды бычак менен коркутуп зордуктаган" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды




Бишкек шаарында "12 жаштагы кызды бычак менен коркутуп зордуктаган" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү саат 11:25 чамасында милицияга 30 жаштагы Н.Т. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Набережная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен белгисиз жаран күч колдонуп, бычак менен коркутуп 12 жаштагы кызын зордуктап койгонун билдирген. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери окуя болгон жерден кыздын көйнөгүн, ич кийимин, бычак жана колдонулган бет аарчыларды табышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында аталган аймак курчоого алынып, кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы М.К. аттуу тургуну кармалган. Жабырлануучуга кылмышка шектүүнү көрсөткөндө ал аны дароо тааныган.
Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал үйдө эч ким жок экенин билип, тосмодон секирип кирип, кызды бычак менен коркутуп зордуктаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, камакка алынды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.























1 |