super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-МАЙ: Мындан 84 жыл мурун акын, прозаик, драматург Шатман Садыбакасов туулган

 
Мындан 84 жыл мурун акын, прозаик, драматург Шатман Садыбакасов Жумгал районунун Дыйкан айылында туулган. 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун "Жаш ленинчи" журналында адабий кызматкер болуп баштаган. Ал эми 1961-жылдан тарта "Кыргызстан" басмасында редактор, 1965-жылдан баштап проза жана поэзия бөлүмүнүн башчысы, 1975-жылдан өмүрүнүн акырына чейин "Ала-Too" журналынын башкы редактору болуп иштеген.
Шатман Садыбакасовдун биринчи китеби "Пейил" аңгемелер жыйнагы 1958-жылы басылып чыккан. "Күндөр" романы, "Ак боз ат" драмасы орус тилине которулуп басылган. Ал 1960-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Жазуучу В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн" медалы менен, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Кыргызстандын ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Шатман Садыбакасов 1983-жылы 3-августта азыркы Бишкек шаарында каза болгон.
25-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: