super.kg logo

Кытайда кыргыз студенттери боз үй тигип, кыргыз маданиятын даңазалап, уюштурулган сынакта 1-орунду алышты

 

Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарындагы университетте Маданият күнүнө карата иш-чара орун алды. 30дан ашык мамлекеттин студенттери катышкан салтанат алкагында кыргыз жаштары боз үй тигип, нукура кыргызча дасторкон жайышты.

SUPER.KG порталына Нурдөөлөт Сактанов билдиргендей, анда ар кайсы өлкөнүн студенттери өз мамлекетинин маданиятын таанытуу максатын көздөшкөн. "Улуттук тамак-аштарды жасап, улуттук оюндарды ойноп, бийлерин бийлешти. Кыргыз жеринен келген студенттер чакан концерт коюп беришти. Башында 2 мүнөт "Манас" айтылды, анан кыздарыбыз кыргыз бийин бийлешти. "Манасты" алгачкы жолу уккан кытайлар бар экен, кызыгып сурап жатышты. Кытайлар боз үйгө кирип, тамактан ооз тийип, "Жайында ушундай жайда жашайсыңарбы?" деп таң калып жатышты", - дейт
Н.Сактанов.

Жыйынтыгында баа коё келгенде кыргыз студенттери 1-орунду багынтып, жеңишке жетишишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
25.05.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец башка олкодогу мекендештеринди кылган жакшы иштерин уксан аябай суйунот экенсин азаматсынар окуунарга ийгилик
25.05.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алтынга алмашкыс мурастарыбыз бар го .
25.05.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeeh kitaida jyrgon kyndorymdy sagindim
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: