Бишкекте "аялды коркутуп, баштыгын тартып алган" деген шек менен шаар тургуну кармалды
Бишкекте "аялды коркутуп, баштыгын тартып алган" деп шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда ал ооруканалардын биринин жанынан саат 14:00 чамасында белгисиз эки адам коркутуу жолу менен баштыгын тартып алганын билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган К.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.