super.kg logo

Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жооптуу кызматкерлери 1 миллион сомго кымбат аппарат сатып алышканы аныкталып, кылмыш иши козголду

 

Башкы прокуратура Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган департаменттин жооптуу кызматкерлери 2013-жылдын 27-декабрында базардагы бааларга мониторинг жүргүзбөстөн рентген аппаратын кымбат баада сатып алышкан. Мындан сырткары кызматкерлер аппаратты сатып алуу үчүн эч кандай тендер өткөрбөгөндүгү аныкталган.

"Мыйзам бузуулар менен алынган медициналык аппарат 4 миллион 773 миң сомго сатылып алынып, 1 миллион сом чыгым алып келген. Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан департаменттин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.05.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эң жакшы рентген аппараты бизде жана Бишкеке ГКБ 1де эле. Эми арта калдыкпы ?
25.05.2016. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким минус баса калды , ичи тарлык кылдыбы ?

Супер бул сүрөт ошол аппараттын сүрөтүбү ? Башка соц.тармактарда башка сүрөт жүрөт .
25.05.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жегенден көрө ушундай кылса пайдалуурак болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: