super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 25-МАЙ: 11 жыл мурун "Ливерпуль" футболдук клубу "Миланды" утуп, Чемпиондор Лигасын багындырган

 

2005-жылы 25-майда Түркиянын Стамбул шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши орун алган. Анда англиялык “Ливерпуль” менен италиялык “Милан” кез келген.

Анда "Милан" футболдук клубу 1-мүнөттө эсепти ачып, Паоло Мальдини айырмаланган. 1-тайм аяктаганга чейин италиялыктар дагы 2 гол жаратышкан. Эрнан Креспо катары менен 2 гол киргизе алган. Эсеп 3:0, англиялыктар маанайы суз гана кийим которуучу жайга жөнөшкөн.

2-тайм өтө кызыктуу башталып, "Ливерпуль" арты-артынан чабуул уюштура баштаган. 54-мүнөттө команда капитаны Стивен Жеррард айырмаланып, командасына 1 гол алып келген. Кийинки 6 мүнөттө "Милан" атаандашына туруштук бере алган жок. 56-мүнөттө Шмицер дагы бир гол киргизсе, Хаби Алонсо 60-мүнөттө эсепти теңеген - 3:3.

Жыйынтыгында командалар пенальтилер сериясына чейин гол жарата алышкан эмес. Пенальтилер сериясында 3:2 эсеби катталып, "Ливерпуль" жеңишке жетишкен. Бул оюн аталган мелдештеги эң мыкты финал катары тарыхка кирген.

25-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.05.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ну даа, бул эки динозаврдын ошол беттеши дуй ЛЧ нын тарыхындагы финалдык шоусу болгон. Андан кйин эч ким андай шоу коё элек. Миланды да, Ливерпулду да уважаю. Экоо кез келип калса эч кимисине куйормандык кыла албаймго!
26.05.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ATLETICO, Атлетико Мадридин күйөрманысынбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: