Нарын. Мектеп окуучулары арасындагы баскетбол мелдешинде Нарын курама командасы 3-орунду ээледи

28-марттан 31-мартка чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өткөн баскетбол боюнча мектеп окуучулары арасындагы мелдеште Нарын курама командасы 3-орунду ээледи. Бул мелдеште Бишкек, Токмок, Балыкчы, Каракол жана Нарын шаарларынын командалары ат салышты. 1-орунду Токмок шаарынын курама командасы, 2-орунду Бишкек шаарындагы №5-мектеп гимназиясы жеңип алды. Жеңишке жетишкен командалар диплом жана медалдар менен сыйланышты. Ал эми калган командалар кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

