Башкы прокуратура: "Быйыл өлкөдө 49 өспүрүм өз өмүрүн кыйган. Эң көбү Жалал-Абадда"
2016-жылы 1-январдан 25-майга чейин өлкө боюнча 49 өспүрүм өз өмүрүн кыйган. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди.
Анын айтымында, өзүн өзү өлтүрүү фактыларынын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталган. "Жалал-Абад облусунда 12 өспүрүм өз өмүрүн кыйган, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 6, Талас облусунда 4, Баткен облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 5, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 2 факт катталган. Өз өмүрүн кыюуга негизги себептер төмөнкүлөр болууда: атасы же апасы жок болгондугу, материалдык жактан жетишпестик, ата-энеси чет өлкөгө кеткендигинен туугандарындыкында туруу", - деди Токтогулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Gulnazi

26.05.2016. 11:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстан байыбаса бул корунуш боло берет, эх ынсап берсин адамдарга
admin_portal

26.05.2016. 11:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anarbek58, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.