super.kg logo

“Түндүк электр” ишканасы инвестициялардын эсебинен Чүй жана Талас облустарына 20 миң “акылдуу” эсептегич орнотот

 

КРдагы электр энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана эсеп берүүнү жакшыртуу боюнча инвестициялык долбоордун чегинде “Түндүк электр” ишканасы электр энергия керектөөчүлөрүнө 20 миң “акылдуу” эсептегич орнотот. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

"Акылдуу" эсептегичтерден Чүй облусуна 18 миң бирдик, Талас облусуна 2 миң бирдик орнотулат.

Бул эсептегичтер биринчи катарда энергияны көп колдонгон ири керектөөчүлөргө орнотулат, иштердин башталышы 2016-жылдын III кварталына пландалууда. Бул максатка каралган инвестициянын болжолдуу суммасы 1 миллион 900 миң АКШ доллардан ашуун каражатты түзөт. Жабдууларды тендер жеңүүчүсү "Hexing Electrical Co. Ltd" кытай заводу жеткирип келет.

"Эске салсак, инвестиция эсебинен алынган 20 миң эсептегичтен сырткары “Түндүк электр” ишканасы Чүй жана Талас облустарына өз эсебинен 34 425 бирдик эсептегичтерин орнотот. Жалпысынан керектөөчүлөргө 2016-жылы 54 425 электр энергияны эсептөөчү “акылдуу” жабдуу орнотулат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: