super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Таякемдин туулган күнүндө эмне береримди билбей, кооз чүпүрөктөрдү ороп бергем"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эч ким бербеген белек" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен бирөөдөн уктум эле, күндөлүк цитаталарын чогултуп белек жасаганын. Сонун белек экен, мага да ушундай белек беришсе, эң маанилүү белек деп бааламакмын".

"Мен студент кезде 8-Мартта бир кызга өз колум менен жасаган открытка бергем. Ал кыз белегимди кандай баалаганын билген жокмун, бирок аны жасаш үчүн бир топ убакыт кеткен".

"Бардык белекти арзан-кымбатына карабай кантип беришке маани берүү керек. Бир жолу 23-февралда бир кыз оюнчук учак берген, "кичине кезиңдеги учкуч болуу кыялың орундалбаса, ушул учакты бала кезиңден бир элес кылып эстеп кой" деп. Мен үчүн ушул белек азыркыга чейин эң кымбат".

"Мектепте окуй элек кезимде таякем биздин үйдө жашачу. Анда студент болчу. Анын туулган күнүнө эмне береримди билбей, керек кылар деген максатта кооз чүпүрөктөрдү ороп бергем, "бут кийимиңизди аарчып жүрүңүз" деп. Көпкө чейин аарчып жүрдү. Менимче, алган эң оригиналдуу белеги болсо керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.05.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кооз чупурок бергени жакты.Таякесини белексиз калтыргысы келбеген.Бул ким болсо да жакшы адам экен.
26.05.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлосом мен эч кимге деле оригиналдуу белек бербептирмин).Бирок,белек алганды аябай жакшы кором!))
27.05.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(((Мен белек берген дагы эмесмин,белек алган да эмесмин,,бирок жолдошум качан белек берет экен дер 1 жылдан бери кутуп жаром,мен ага уул тороп белек кылдым,куйом куттуктап да койгон жок(((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: