super.kg logo

Бишкекте дыйкандардын түйшүгүн жеңилдеткен техникалардын “Айыл-агро-2016” Эл аралык көргөзмөсү өтүүдө (фото)

 
Япония мамлекетинде айыл чарба тармагында көп колдонулган трактор
Быйылкы көргөзмөдөгү жаңы айыл чарба техникасы
Ар бир облус өзүнө таандык жер-жемиштерин, кайра иштетүүчү өнөр жай продукцияларын тартуулады.
"Көргөзмөгө атайын жаңы айыл чарба техникасын көрүү үчүн келгем", - дейт Нарын облусунун Ат-Башы айылынын тургуну Токуш Жумаев.

Бүгүн, 26-майда Бишкектеги эски аянтта дыйкандардын түйшүгүн жеңилдеткен техникалардын
“Айыл-агро-2016” Эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Үч күндүк иш-чарада быйыл 20 өлкөдөн 32 ишкана-заводдордун өкүлдөрү келген. Көргөзмөдө айыл чарба техникалары, биотехнология, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу каражаттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар көрсөтүлдү. Япониядан келген көргөзмөнүн катышуучусу Катсухира Укисунун айтымында, иш-чара быйыл төртүнчү ирет уюштурулуп, жыл сайын кардарлардын саны өсүүдө.

“Мен көргөзмөгө Япониянын айыл чарба тармагында көп колдонулган трактор алып келгем. Былтыркыга салыштырмалуу быйылкы иш-чарада биздин тракторго кызыккан кардарлар көп. Япониялык тракторлор чакан, универсалдуу жана үнөмдүү”, - дейт Катсухира Укису.

Көргөзмөдө дыйкандар жаңы техникалар менен таанышып, аны сатып алууга жакшы шарттар түзүлүп жатканын Нарын облусунун тургуну Токуш Жумаев билдирди.

"Мен атайын көргөзмөгө жаңы техникаларды көрүү үчүн келгем. Тракторлор аябай жакты, бааларын сурап кызыгып жатам. Айыл чарба техникасын сатып алсамбы деп ойлонуп отурам", - дейт Т.Жумаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: