super.kg logo
  Спорт  

Англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу машыктыруучулук кызматка Жозе Моуриньюну дайындады

 

Англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу машыктыруучулук кызматка португалиялык Жозе Моуриньюну дайындады. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда клубдун расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, машыктыруучу клуб менен 3 жылдык келишимге кол койду. "Жозеге артылып жаткан негизги милдет - "Манчестер Юнайтедди" жаңы деңгээлге көтөрүү", - деп белгилешет клубдун өкүлдөрү.

Машыктыруучуга жылына 12 миллион фунт (17 миң долларга жакын) өлчөмүндөгү маяна төлөнөт.

Кошумчалай кетсек, "Манчестер Юнайтедди" буга чейин голландиялык машыктыруучу Луи ван Гаал машыктырып келген. "МЮнун" Чемпиондор Лигасынын акыркы сезонунда тайпадан чыга албаганы, Англия Премьер-лигасында 5-орунду алып, Чемпиондор Лигасынын кийинки сезонуна жолдомо албай калышы анын кызматтан кетишине себеп болду.

Жозе Моуринью өз кезегинде 2015/16 сезонун "Челси" футболдук клубун машыктыруу менен баштаган. Бирок клубдун сезондун башында көрсөткөн жыйынтыгы өтө начар болуп, Жозе клубдан кетүүгө мажбур болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.05.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17 мин доллар эмес
17 млн доллар

а так ийгилик Жозеге
27.05.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылына 17млн болсо айына канчадан болот
27.05.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айына бир миллин фунттан стерлингден тиет экен
27.05.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Моуринью бир жылда 1 млн сомдой пайда табат экен да э?))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: