super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Өч алуунун мага жаккан жолу - мурунку сүйгөнүңдүн жанынан башка кыз менен жетелешип өтсөң..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүүдөн өч алуу" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен сүйгөн адамымдан өч алыш үчүн башкалар менен жүрүп, аларды өзүмдү сүйдүрүп, анан таштап кеткем. Азыр эстесем бекер эле кылган экенмин деп ойлоп калам".

"Мен да өч алууну ойлогом, бирок ага колум барган эмес, жүрөгүм дагы чыдаган жок. Анткени жанымдан артык көрүп турсам кантип өч алмакмын?"

"Курбум жигити менен жакшынакай эле сүйлөшүп жүрүшкөн. Бир күнү жигити телефон чалып, үйлөнө турганын айтып, тойго чакырыптыр. Курбум мага жолугуп, "көзү ачык, бакшы дегендерге барып окутам, андан өч алам" дейт. Аны-мунуну айтып араң токтотком".

"Өч алуунун эң оңой жолу - ал адамды жүрөгүңдөн сууруп таштап, көңүл сыртында калтыруу. Бирок мындай кадам эрки күчтүү адамдын гана колунан келет".

"Өч алуунун мага жаккан жолу - ошол мурунку сүйгөнүңдүн жанынан башка кыз менен жетелешип өтүп кетсең. Ал аңкайып карап, эртеси досторуна айтса "тиги эшек башкасы менен жүрүп алыптыр, мен аны кечирим сурайт деп жүрсөм" деп".

"Өч алуу - бул ансыз да бактылуу жашай ала турганыңды иш жүзүндө көргөзүү".

"Балам сонун болуп чоңойсо, ошол мен үчүн эң чоң жеңиш жана өч алуу".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.05.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйгон адамындан оч алуунун эн жакшы жолу ийгиликтерге жктишуу гана ,дагы бири ар дайым жылмайып журушкерек.
27.05.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargis,акылдуу экенсиз))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: