Жалал-Абадда унаа уурдоого шектүү жарандар кармалды
Жалал-Абад шаарында 1997-жылы туулган Т.Ж., 1996-жылы туулган К.Б. жана 1997-жылы туулган З.А. аттуу өспүрүмдөр Тико унаасын уурдоого шектелип кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын инспектору Жылдызбек Аттокуров билдирди. 31-мартта Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1960-жылы туулган А.А. аттуу адам унаасынын уурдалышы тууралуу милицияга арыз менен кайрылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.