super.kg logo

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү белгиленди

 

Бүгүн, 27-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 24 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулуш болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Чогулушка Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Коргоо кеңешинин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, республиканын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк аскердик-дипломатиялык миссиянын жетекчилери катышты.

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев салтанаттуу чогулушту ачып, залда отурган аскер кызматчыларын жана ардагерлерди Куралдуу күчтөрдүн 24 жылдыгы менен куттуктады.

Майрамдык иш-чарада Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров президент Алмазбек Атамбаевдин майрамдык куттуктоосун окуп берди. Андан соң Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын ишинде өзгөчөлөнгөн 8 аскер кызматчысына мамлекет башчынын энчиленген сааттарын сыйлык катары тапшырды.

Салтанаттуу иш-чаранын чегинде «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгы» темасында сүрөт көргөзмөсү тартууланды. Ошондой эле Борбордук аскер үйүнүн чыгармачылык жамааты менен кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.05.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу мекен коргоочулар,ардактуу ардагерлер!Сиздердин кооптуу жана ардактуу кесиптик майрамыныздар менен чын журоктон куттуктайм.Мында ары ишиниздерде ийгиликтер болуп,жаш муундарды патироттуулука тарбияладоодо улгулуу болуп журо беришиниздерге тилектешмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: