super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-МАЙ: Мындан 8 жыл мурун кинорежиссёр жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев каза болгон

 

Мындан 8 жыл мурун, 2008-жылы кинорежиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев 69 жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Дооронбек Садырбаев азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) 1939-жылы 13-февралда туулган. Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болгон. Ал 14кө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Дооронбек Садырбаев ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1-орто мектебине кирип, 1957-жылы орто мектепти аяктаган.
Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн. Дооронбек Садырбаев чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да таанылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кыргыз эли башынан өткөргөн Үркүн жана Ош окуялары боюнча тасма тарткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.05.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран Эл тасмасын коргондор барбы, кайдан таап корсом болот билгендер айтып койгулачы
Azahan түзөттү 2016-05-28 11:01:10
28.05.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайран гана киши. Бул кишинин эртереек өлүшүнө Түптүктөр жардам беришти , жумуртка менен ургулап кууп. Каркыра сатылып кетип атканда чырылдап, араң басып жүрсө да барды эле Ысык-Көлгө , Көлдүктөрдү ойготоюн деп.
Доке, кыргыз эли үчүн кечирим сурайм, Түптүктөр үчүн кечирим сурайм. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Аллах бейиштен орун берсин. Оомин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: