super.kg logo
  Спорт  

Мадриддик "Реал" футболдук клубу "Атлетикону" пенальтилер сериясында утуп, тарыхында 11-ирет чемпион аталды

 

"Реал" (Испания) - "Атлетико" (Испания) - 1:1

Голдор: Серхио Рамос 15 (1:0). Феррейра-Карраско, 79 (1:1). Пенальтилер сериясы - 5:3.

29-майга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы орун алды. Италиянын Милан шаарында өткөн беттеш 120 мүнөткө созулду. Анда мадриддик клубдар "Реал" менен "Атлетико" кез келишти. Жыйынтыгында негизги убакытта (90 мүнөттө) 1:1 эсеби катталды. Алгачкы таймда "Реалдын" курамынан Серхио Рамос айырмаланып, эсепти ачты. 2-таймда "Атлетиконун" чабуулчусу Антуан Гризманн пенальтини голго айланта алган жок, бирок "Атлетико" оюн акырына чейин эсепти теңегенге жетишти. Голду Феррейра-Карраско киргизди.

Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктады. Жыйынтыгында 30 мүнөттүк кошумча убакыт берилди. Анда командалар гол жарата албагандыктан, пенальтилер сериясы орун алды. 11 метрлик соккуларда "Реалдын" оюнчулары таамай болуп чыгып, жеңишке жетишти. "Атлетиконун" курамынан Хуанфран пенальтиде жаза басып, топту дарбазанын торуна жеткире алган жок.

Жыйынтыгында мадриддик "Реал" өз тарыхында 11-ирет Чемпиондор Лигасын утуп, жаңы рекорд жаратты. Бир дагы клуб Европанын эң беделдүү лигасы деп саналган Чемпиондор Лигасын 11 жолу утуп көргөн эмес.

Быйыл гана "Реалга" машыктыруучулук кызматка шайланган Зинедин Зидан алгачкы кубогуна ээ болду. Зизу үчүн бул жетишкендик экенин баса белгилей кетпесек болбос.

Ал эми чейрек финалда испаниялык "Барселонаны", жарым финалда германиялык "Баварияны" мелдештен четтеткен "Атлетико" татыктуу оюн көрсөттү. Албетте, финалда кайсы бир команданын жеңилүүсү футбол оюнунун шарты экени унутта калбоосу шарт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(43)
29.05.2016. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ураааааааааааааааааааааааааааааааааааааа!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
29.05.2016. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Хала Мадрид. Реалдын куйормандарын женишибиз менен куттуктайм. Тарыхый жениш.
29.05.2016. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ураа Реал 11 жолку чемпион!!!! Бирок Атлетиконун оюнчуларын фанттардын ыйлаганын коруп боорум оруп кетти
29.05.2016. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Рамостун голу 100% офсайд, Атлетико Мадрид жакшы оюн корсотту, респект!!!
30.05.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lotte, окшойсун тоист
29.05.2016. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
эхх атлетико
29.05.2016. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жеңишибиз менен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: