super.kg logo

Орусияда окуган мекендешибиз Эркинбек уулу Сыргак комузда кол ойнотуп, залдагы элди таң калтырды

 

Чет жерде окуп, иштеп, аны менен эле чектелип калбай кыргыз элинин маданиятын, өлкөнүн атын таанытып жүргөн жаштарыбыз аз эмес. Алардын катарында Орусиядагы жогорку окуу жайлардын биринде 1-курста окуган Эркинбек уулу Сыргак да бар. Ал өткөн жумада болгон окуу жайлар арасындагы "Орусия студенттик жазы" сынагында комузда кол ойнотуп, залдагы көрүүчүлөрдү таң калтырган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына билдирген Эркинбек уулу Сыргак сынак тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

"Бул сынакка өзүм окуган окуу жайдын атынан чыктым. Комуз черткеним окуу жайдын мугалимдеринин, студенттеринин кызыгуусун жаратты. Сынакта Атай Огомбаев атабыздын "Маш ботой" күүсүн чертип, күүнүн ортосуна келгенде комузду ийиниме алдым. Ошол учурда залдагылардын баары таң калышты, кол чабуулар күчөй баштады. Соңунда көрүүчүлөр ордуларынан туруп кол чабышты.

Өзүм мындай нерсени күткөн эмесмин. Мурда-кийин комуз күүсүн укпаган адамдар аябай кызыгып, "Сиз кайсы жерден болосуз? Ойноп жаткан аспабыңыздын аты эмне?" деп сурап жатышты. Мындай суроолорго "мен кыргызмын, кыргыз өлкөсүнөн келгем, колумдагы музыкалык аспап - комуз" деп жооп берип жаттым. Ошондо менде бир ой пайда болду, эмне үчүн балалайка десең Бишкекте баары билет, а комузду бул жакта эч ким билбейт? Ушундай суроолор көп болбош үчүн мен, Кудай буюрса, мындан ары да окуу жайымда кыргыз маданиятын тааныта бермекчимин".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(6)
30.05.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АЗАМАТ кыйын бала экен!
30.05.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын
30.05.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы мекенчил адамдар ушундай болот куру популис болуп кыйкырбастан эле мекенчилдигин иш жузундо корсото алат. Ийгилик каалайм окууларына.
30.05.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын жигиттери ушинтип эле элди жерди тааныткылачы. Калп эле патриот болуп кыздарды тиги улут бул улут менен журот деп кордобой. АЗАМАТСЫН сен элдин сыймыктуу уулусун.........
30.05.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыкыйган турпаты,келбети нукура кыргыз,азамат!
30.05.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Сыргак!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: